“Сорос-Кыргызстан” 100,000 АКШ долларынын өлчөмүндө Өзгөчө кырдаал фонддун түздү

168

“Сорос-Кыргызстан” Фонду коронавирус эпидемиясынын жайылышына каршы ыкчам иш-чараларды жүргүзүү жана эпидемиянын Кыргызстандагы терс натыйжаларын азайтууга багытталган мамлекеттик органдардын жана жарандык уюмдардын аракеттерин колдоо үчүн 100,000 АКШ долларынын өлчөмүндө Өзгөчө кырдаал фондду түздү.

Өзгөчө кырдаал корун жаратууда “Сорос-Кыргызстан” Фонду эки жобого таянат:

1) эң керектүү медициналык каражаттарды жана жабдууларды сатып алууга ыкчам түрдө колдоо көрсөтүү;

2) маалымат таратуу стратегиясына салым кошуу, медициналык кызматкерлерди өзгөчө кырдаалдарда иштөөнү үйрөтүүдө көмөк көрсөтүү жана калктын аяр топтору менен иштеген өнөктөш уюмдарды колдоо.
Фонд социалдык адилеттүүлүк, теңдик жана адам укуктарын коргоону камсыз кылуу максатында жарандык уюмдарга колдоо көрсөтүүнү улантат.

Мындан сырткары, бүгүн, 20-мартта “Сорос-Кыргызстан” Фонду Өзгөчө кырдаал фондунун ресурстары алкагында Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жасалма дем алдыруучу аппаратын өткөрүп беришти.

Вирус өлкө боюнча жаңыдан таралып баштаган учурда биздин медициналык мекемелердин пациенттердин агымын тейлөөгө максималдуу даяр болушуна жардам берүү өтө маанилүү. Жасалма дем алдыруучу ар бир аппарат жашоо үчүн маанилүү баалуулук болгон көп адамдын өмүрүн сактоого жардам берет.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь