Сүт 66 сом. Азык-түлүктүн 10 түрүнүн баасы боюнча чеги аныкталды

263

Өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги азык-түлүктүн 10 түрүнүн баасы боюнча максималдуу деңгээлдеги чекти белгиледи.

Талдоо өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы боюнча, нан, макарон, өсүмдүк майы жана пахта майы, шекер, жумуртка менен эттин дүң жана чекене баасынын максималдуу деңгээли белгиленди.

*Өзгөн күрүчүнөн тышкары

** Өзгөн жана Баткен лазер күрүчүнөн тышкары

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, бааларды жөнгө салууда ишкерлердин бардык чыгымдары эсепке алынган. Бүгүнкү күндө бир катар мамлекеттик кызматтардын адистери бааларга көзөмөл жана мониторинг жүргүзүп жатышат.

Чектөөлөрдү бузгандар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик жоопкерчиликке тартылышат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь