СOVID-19: Ысык-Көлдөгү бардык пансионаттар жабылат

288

Ысык-Көл облусундагы бардык пансионаттар жана эс алуу үйлөр карантинге жабылат. Мындай чечим коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу боюнча облустук штабдын бүгүнкү отурумунда кабыл алынды.

Облустун аймагында коронавирустун жайылып кетүү жана жуктуруу тобокелчиликтерин азайтуу үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларын сакташыбыз керек”, – деп билдирди Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүү Акылбек Осмоналиев.

Ысык-Көл дубанында 127 пансионат, 192 эс алуу үйү, 119 мейманкана, 12 эс алуу борбору, 3 реабилитациялык борбор жана 19 балдар эс алуу лагери иштейт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь