“Эсиңе кел Каптагаев, мага катылгандар оңбочу эле!” Камчыбек Ташиев Сузактан Каптагаевге кайрылды (ВИДЕО)

290

Кечээ 19-мартта Камчыбек Ташиев Сузак районунун бир канча айылдарында, Жалал-Абад шаарында жана короновирус катталган Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн территориясында 20 миң бет кап таратты. Бул туурадуу Ташиев өзү билдирди.

Мындан тышкары карантинге алынган айылдарга нан жеткизилип берилген.

“Беткаптарды өзүбүз таркаттык,ал эми нан азыктарын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө өткөзүп бердик. Карантинге алынган айылдарга эч ким киргизилген жок жана укук коргоо органдары тарабынан толук көзөмөлгө алынган”,- дейт Ташиев.

Ал эми Эмилбек Каптагаевдин “Ташиевди карантинге жаткызыш керек” деген кебине, “Каптагаев өзү билет бекен карантинге кимдер, кайсыл учурда жатыш керек, кандай коопсуздук каралган ж.б. же мурдагыдай эле Отунбаева, Атамбаев маалындагыдай чагымчылдык кылып жүрө береби? Элибиз кыйналып турганда баарыбыз биригип аракет кылып жатсак, бул болсо кабинетинен чыга албастан өзүнүн караөзгөйлүгүн дагын баштады. Эсиңе кел Каптагаев, мага катылгандар оңбочу эле!”, -деп жооп берди Камчыбек Ташиев. 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь