COVID-19: Чикаго жумушсуз калган элди айып пулдан бошотмой болду

139

Коронавируска байланыштуу Чикагонун айдоочуларын айып пулдан бошотот. Мындай чара коомдук коопсуздукту сактап калат деп жазат «Automobili.ru».

Коронавирус пандемиясынан улам белгисиз убакытка чейин жумушсуз калган жарандардын каржылык жүгүн азайтуу үчүн, америкалык бийлик айрым жол кыймылынын эрежелерин бузууга айып пулдарды 30-апрелге чейин жоёт.

Чечимге ылайык, туура эмес токтотулган жана төлөнбөгөн парковкага айып салынбайт. Мындан тышкары, туура эмес токтотулган унаалар айып короого эвакуацияланбайт.

“Эң маанилүү нерсе бул элдердин экономикалык абалын сактап калуу”,- дейт Чикагонун мэри Лори Лайтфут. Ошондой эле шаардын жашоочуларына дары-дармектерге жана тамак-аштарга көп акча каражаты керектелет деп кошумчалады.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь