Коронавирус: Жумушсуз олтурган Алмамбет Шыкмаматов 10 миң сом которду

558

“Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, азыр үйдө жумушсуз олтурган Алмамбет мырза коронавируска каршы 10 000 сом которуптур”, -деп жазат Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу.

“Ушул жардамдар бизге күнү-түнү кам көрүп жаткан доктурларыбызга, милиция, муниципиалдык кызматкерлерге жетип, аз да болсо демөөр болот деп үмүттөнөбүз“,- дейт Нуракун уулу.

Эске салсак буга чейин коронавируска каршы күрөшкө Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев 1 миллион сом которсо, Марлен Маматалиев 500 миң сом, анын ЦУМдагы достору 1 000 000 сом берген.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь