Ысык-Көлдө автоунаалардын кирип-чыгуусуна чектөө киргизилди (ВИДЕО)

584

Өлкө аймагында өзгөчө кырдаал жарыялангандыгына байланыштуу Ысык-Көл облустук ыкчам штабынын чечими менен дубанда адамдардын жана автоунаа каражаттарынын кирип-чыгуусуна убактылуу чектөө киргизилди.

Аны менен бирге өтө зарылчылыгы жок болгон район, шаарлар аралык транспорттук каттамдар да убактылуу чектелет.

Өзгөчө кырдаал учурунда оруканалар, дарыканалар, азык-түлүк сатуучу жайлар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана мамлекеттик мекемелер кадимки тартипте иштейт.

Учурда Ысык-Көл облусунун аймагынын кире беришинде күнү-түнү иштей турган 2 санитардык-карантиндик көзөмөлдөө посту орнотулуп, анда дарыгерлер, ИИМ жана ӨКМдин облустагы башкармалыгынын өкүлдөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер иш алып барууда.

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛАСТЫ. БАЛЫКЧЫ. АК КЕМЕ ЭКОЛОГИЯЛЫК ПОСТУНА ФИЛЬТРАЦИЯЛЫК ПОСТ КОЮЛУП, АР БИР ЖҮРГҮНЧҮ ТЕКШЕРИЛҮҮДӨ

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛАСТЫ. БАЛЫКЧЫ. АК КЕМЕ ЭКОЛОГИЯЛЫК ПОСТУНА ФИЛЬТРАЦИЯЛЫК ПОСТ КОЮЛУП, АР БИР ЖҮРГҮНЧҮ ТЕКШЕРИЛҮҮДӨ______________________Урматтуу мекендештер бүгүнкү 22-март күнүнөн баштап бардыгыңыздарды үйдөн чыкпай турушуңуздарды өтүнөбүз. Ысык-Көл областына Ысык-Көл областынын жарандары паспорт менен гана кире алат, башка обласстагылар өз аймагынан чыкпай туруулары зарыл. Сураныч убара болуп калбаңыздар._______________________Биздин телеграмм каналга катталыңыз: https://t.me/BalykchyPress

Опубликовано Балыкчы Пресс Воскресенье, 22 марта 2020 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь