Үлгүрүп калыңыз! Бүгүн түнү кыргыз-өзбек чек арасы жабылат

329

Бүгүн түнкү саат он экиде кыргыз-өзбек чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү бекеттерин Өзбекстан тарап белгисиз мөөнөткө жабат. Бирок транзиттик каттамдар токтобойт. Бул тууралуу “Кабар” МА өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматына таянып жазды.

Маалым болгондой, бүгүн, 22-мартта коңшу Өзбекстандын бийлиги чек арасын жаба турганы боюнча расмий маалымат жиберишкен. Анда коронавирус илдетине байланыштуу чек араны убактылуу жаап туруу чечими кабыл алынганы маалымдалган.

“Кыргызстанда жүргөн Өзбекстандын жарандары өз өлкөсүнө, ал жакта жүргөн биздин жарандар биз тарапка өтүүгө жетишүүлөрү керек”, – деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районундагы “Баймак”, Ноокендеги “Маданият” чек ара бекеттеринен эч кандай унаалар өтпөйт, жөө адамдар өтүп келген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь