Акматбек Келдибеков Аида Салянованын тууганын сотко берди

278

Жогорку Кеңештин экс-спикери Акматбек Келдибеков мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын тууганы Чынара Турдалиеваны «Фейсбукка» жазган билдирүүсү үчүн сотко берди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Турдалиева кабарлады.

Турдалиеванын айтымында, Келдибеков анын быйыл 26-февралда «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазган билдирүүсүн «ар-намысыма шек келтирди» деп, 5 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүп, Бишкектин Октябрь райондук сотуна кайрылган.

Турдалиева ал билдирүүсү жеке пикири экендигин жана ал жерде тастыкталбаган эч нерсе жок экендигин айтууда.

Бул боюнча Акматбек Келдибеков өзү жана анын адвокаттары азырынча эч кандай комментарий бере элек.

Булак: «Азаттык»

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь