Асрандиев: Коммуналдык кызматтарды төлөө мөөнөтүн жылдыруу маселеси каралып жатат

231

Бүгүн, 23-мартта Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев COVID-19 вирусунун экономикага тийгизген таасири боюнча онлайн пресс-конференция өткөрдү.

“Коммуналдык кызматтарды төлөө мөөнөтүн жылдыруу маселеси каралууда, белгилей кетсем, кабыл алынып жаткан ар бир чечим коммуналдык кызматтардын, суу менен камсыздоого жана энергетиканын ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизбеши зарыл”, – деди Э.Асрандиев.

Ошондой эле эгерде салык төлөмдөрүнүн өлчөмү кыскартылса, анда бул пенсиялар менен жөлөк пулдарды төлөп берүүгө таасирин тийгизерин кошумчалады. Анын айтымында, учурдагы кырдаалды реалдуу баалаш керек.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь