Башкы кримтөбөлдүн үй-бүлөсү коронавирус жуктуруп алышты

927

Россиялык бизнесмен жана кримтөбөл Захарий Калашовдун үй-бүлөсү коронавирус жуктуруп, москвалык ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып жатат.

Белгилей кетсек 67 жаштагы Захарий Калашов кримчөйрөдө Шакро Молодой деген каймана ат менен таанымал.

Жарандык никедеги жубайы Марина Гольдберг жана 15 жаштагы баласы Даниил коронавируска анализ тапшырып, жыйынтыгында вирустун белгилери аныкталган. Басылмалардын маалыматына ылайык, үй-бүлө өздөрүнүн үйүндө изоляцияда.

Эске салсак, Калашов “талап тоноо” беренеси менен 29-мартта 9 жыл 10 айга эркинен ажыратылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь