Пакистанда кыргызстандык дааватчыдан коронавирус табылды. Бул тууралуу 23-мартта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Билдирмеге ылайык, Covid-19 вирусун жуктуруп алган мекендеш 57 жаштагы эркек киши. Ал 60, 42 жана 24 жаштагы төрт мекендеши менен Пакистанда даават кылып жүргөн. Бешөө тең ал жакта консулдук каттоого турган эмес, жардам сурап элчиликке кайрылган жок.

Оору табылган кыргызстандык учурда Исламабад шаарынын PIMS (Pakistan Institute of Medical Sciences) ооруканасында жатат, калган төртөө карантинге алынды.

Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги Исламабаддын администрациясы менен байланышта турат.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 327