Жеке ишкер Нарынга 9 тез жардам унаасын белекке берди (сүрөт)

453

Жеке ишкер Улан Бакасов үй-бүлөсүнүн атынан Нарын облусуна 9 жаӊы тез жардам унаасын белекке берди. Медициналык транспорт төмөндөгүдөй бөлүндү: Нарын шаарына 2, Нарын районуна 2, калганы Ат-Башы, Жумгал, Кочкор жана Ак-Талаа райондоруна бирден.

Белгилей кетсек, буга чейин ата мекендик курулуш компаниялардын бири Ноокатка бир тез жардам унаасын белекке берген болчу.

Учурда өлкөдө COVID-2019 илдетин жугузгандардын саны 14кө жетет (6 эркек, 8 аял): Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 3 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам.

 

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь