ЖКККББ Бишкектин кире беришиндеги тыгындардын пайда болуу себебин түшүндүрдү

206

Облустардын чектеринде жана Бишкек шаарына кире бериш жерлеринде, тактап айтканда, Чүй облусунун Бишкек-Кант (Киргшелк), Бишкек-Кара-Балта (Сосновка жана Моловодное), Бишкек-Нарын-Торугарт (Кызыл көпүрө) унаа жолдорунда санитардык-карантиндик постор орнотулуп, ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте тиешелүү кызматтар айдоочуларды жана жүргүнчүлөрүн текшкерүү иштерин жүргүзүүдө. Ошол себептен постордо унаалар топтолуу жагдайы болууда деп билдирет ЖКККББдан.

ИИМдин ЖКККББы жол кырсыктарын алдын алуу жана илдеттин инфекциясын жайылышына жол бербөө максатында, жарандарга, жол кыймылынын катышуучулары (айдоочулар жана жүргүнчүлөргө) түшүнүү менен карап, бардык шарттарды аткарып, карама-каршы тилкелерге чыга калып жол кыймылына тоскоол болбой, жол кыймылынын эрежелерин толук сактап, постторду ирээти менин өтүүнү сунуштайт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь