ИИМ: Коронавирус кырдаалында кылмыштуулуктун саны бир аз басаңдады

140

Кыргызстанда коронавирус катталган учурдан бери кылмыштуулуктун саны бир аз басаңдады деп билдирет ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сейитов.

Тартип бузгандар, кылмыш жасагандар кандай учур болбосун катталат экен. Бирок кылмыштуулуктун саны бир аз басаңдады”,- деди Сейитов.

Эске салсак буга чейин депутат Алтынбек Сулайманов парламентте сүйлөп жатып, өлкөгө кыйчалыш мезгил келе жатат, кылмыштуулуктун саны өсөт деп айткан. Бирок ИИМ эл өкүлүн айткандар чындыкка дал келбейт деп билдирген.

“Ички иштер министрлиги коомдук тартипти сактоо жана коронавирус илдетинин тарап кетпешин алдын алуу максатында комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Мындан тышкары ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тиртипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүү багытында ыкчам ишмердүүлүгүн мыйзам чегинде жүргүзүп келет. Өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарда блокпосттор коюлуп, өзгөчө маанилүү объекттер толугу менен коргоого алынды. Андан сырткары убактылуу кармоочу жайдагы кармалгандар боюнча, кылмышка шектүүлөр жана жашы жете электер арасындагы укук бузуучулук жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча иш чараларды көрүүдө“,- деп маалымдаган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь