Канада жайкы Олимпиадага спортчуларын жибербейт

175

Канаданын олимпиада комитети билдирүү жасап, Олимпиада-2020 жайкы оюндарына спортчуларын жибербей турганын жарыялады. Комитетит коронавирус илдетине байланыштуу өткөрүү убактысын бир жылга жылдырууну талап кылууда.

Ошондой эле Параолимпиада оюндарына спортчуларды жибербөө чечимин кабыл алышып, эл аралык олимпиада комитетине, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна оюндарды бир жылга жылдыруу өтүнүчүн келтирди.

Коронавирус жана аны менен байланышкан тобокелдиктер биздин спортчуларга коопсуз шарт түзүп бере албайт, алардын ден-соолугу жана коопсуздугу бул биринчи орунда турат. Вирустун жайылышына каршы күрөшүү бул биздин башкы милдетибиз болушу шарт. Биз спорттон дагы саламаттык сактоо тармагындагы глобалдык кризистин күч алуусуна тынчсызданып жатабыз”,- деп жазылат билдирүүдө.

Ал эми Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ Токиодо өтчү Олимпиада оюндары коронавирус пандемиясына байланыштуу жылышы мүмкүндүгүн айтты.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь