Коронавирус: Атайын эсепке түшкөн каражаттардын бир дагы сому коротулган жок

256

Кыргызстандын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылуусуна каршы күрөшүү үчүн жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу финансылык жардам иретинде каражаттар түшүп жатат. Бүгүнкү күндө түшкөн акча каражаттардын бир дагы сому коротулган жок деп билдирет Кыргыз Өкмөтү.

Бардык ыктыярдуу финансылык жардам көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эсебине түшөт. Финансы министрлиги түшкөн каражаттардын көлөмү жана аларды максаттуу сарптоо тууралуу өлкө коомчулугуна туруктуу негизде маалымдап турат.

Түшкөн финансы каражаттарын ачык пайдаланууга атайын түзүлгөн байкоочу кеңеш көзөмөл жүргүзөт. Анын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, жарандык коомдун жана бизнестин өкүлдөрү кирет.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын аймагындагы коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча эсепке 5 млн 294 миӊ 358 сом түштү.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь