Коронавирус жуктурган 71 жаштагы киши реанимацияга которулду

729

Коронавирус жуктурган Жалал-Абад облусунун 1949-жылы туулган эркек жараны кайра жандандыруу бөлүмүнө которулду. Бул тууралуу бүгүн Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди. Мындан тышкары бир аял жугуштуу ооруканада дарыланып жатканын белгилеп, калган 12 жарандын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деди.

“Биздин жарандар тилекке каршы чектөөлөргө олуттуу мамиле жасабай жатышат”,- деп кайрылды Акматова. Карантинге жоопкерчилик менен кароого чакырды.

ДССУ маалыматтарына ылайык, 2020-ж. 23-мартка карата дүйнөнүн 187 өлкөсүндө коронавируска чалдыккан 294 110 учур тууралуу маалым болду. 12 944 өлүм учуру катталды. Оорулуулардын эӊ көп саны Кытайда (81 499), Италияда (53 578), Испанияда (24 926), Иранда (21 638) жана Германияда (21 463) катталган.
Ошондой эле РФте – 367, Казакстанда –59, Өзбекстанда – 42, Кыргызстанда – 14 учур аныкталды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь