Москвада кыргыздар карантинди даана каникул кылып алышыптыр. Жыргап чүкө ойноп жатышат (Видео)

210

Социалдык тармактарга Москвада кыргыздардын чүкө ойноп жаткан видеосу тараган. Анда коронавируска байланыштуу карантин учурунда кыргыздар топтошуп алып, жыргап ойноп жаткан учурун күбөө тартып алган.

“Көчөдө бир дагы орус жок, үйүндө отурушат продуктыларын жеп. Кайран кыргыздар чогулуп алып чүкө ойноп жатышат. Коронавирус буларга по барабану”, – деди күбө.

Видеону көргөн Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутат Надира Нарматова дагы өз пикирин айтып өттү.

“Мына бир мисал. Биз кыргыздар отко айдаса какырга качабыз. Же теңирден тескери иш кылабыз. Токто дегенде токтоп калбайбыз. Мыйзамды талап кылабыз. Өзүбүз аткарбайбыз. Талап кылаардан мурун мыйзам менен жашаганды ар бирибиз үйрөнүп,өзүбүздөн баштап аткарышыбыз керек.
Коронавируска кылган талап, эрежени сактайлы тооба кылып, шүгүр келтирип, тез кутулуп кетели десек, тартипти сактап, айтканды угуп үйдө олтуралы”, – дейт Надира Нарматова.

Аталган видео 22-март күнү тартылган.

Мына бир мисал. Биз кыргыздар отко айдаса какырга качабыз. Же теңирден тескери иш кылабыз. Токто дегенде токтоп калбайбыз.Мыйзамды талап кылабыз. Өзүбүз аткарбайбыз. Талап кылаардан мурун мыйзам менен жашаганды ар бирибиз үйрөнүп,өзүбүздөн баштап аткарышыбыз керек.Коронавируска кылган талап,эрежени сактайлы тооба кылып, шүгүр келтирип, тез кутулуп кетели десек,үйдө олтуралы,тартипти сактап,айтканды угуп.

Опубликовано Надирой Нарматовой Воскресенье, 22 марта 2020 г.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь