Президент Сооронбай Жээнбеков коронавируска каршы күрөшүү үчүн акча бөлдү

291

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков коронавируска каршы күрөшүү үчүн жардамга акча бөлдү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын аймагындагы коронавирус илдети менен күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн жеке жана юридикалык жактардан түшкөн ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү максатында министрликтин Борбордук казыналыгында ачылган эсепке түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасы 22-мартка (саат 14.00гө) карата 5 294 358 сомду түздү.

Эскерте кетсек, коронавирус илдетине каршы күрөшүүгө бир канча депутаттар да жардам катары каражаттарды бөлүшкөн.

Учурда Кыргызстанда COVID-19 вирусу менен 14 бейтап бар.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь