Тажикстанда Нооруз майрамы президенттин катышуусунда салтанаттуу белгиленди (сүрөт)

382

Тажикстандын Хужанд шаарында 22-март күнү өлкө президенти Эмомали Рахмондун катышуусунда Ноорузга арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Эмомали Рахмон Согдий облусунун жана Тажикстандын бардык жарандарын, чет өлкөдө жүргөн мекендештерин Нооруз майрамы менен куттуктап, аларга ийгилик каалады.

Президент сөз сүйлөгөндөн кийин, артисттер жана искусство адамдары концерттик программа тартуулашты.

Белгилей кетсек, Тажикстанда коронавирус жуктурган бир дагы учур расмий каттала элек.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь