Таксист сасык тумоолоп калган аялды жеткирүүдөн баш тарткан

233
Москва облусунун Химки шаарында таксист сасык тумоонун (ОРВИ) белгилери бар аялды жеткирүүдөн баш тарткан. Рен ТВнын маалыматына караганда, кардар аял унаага отуруп мурдун тартканда айдоочунун кыжыры келген.
Таксист аялды айткан жерине жеткире албастыгын айтып, аны салондон түшүрүүгө аракет кылган. Ал эми кардар айдоочунун буйругуна баш ийбей, траснпорттон түшпөй турганын билдирип экөөнүн ортосунда чр чыккан. Акырында аял түшүп кетүүгө аргасыз болгон.
Окуянын чоо-жайы толук айтыла элек.
Белгилей кетсек Россияда коронавирус жуктургандардын саны 438ге жетти.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь