Англия карантин жарыялады

157

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон коронавирус эпидемиясына байланыштуу Британияга киргизилип жаткан олуттуу чектөөлөр тууралуу жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Жонсондун айтымына караганда, британиялыктар эми үйдө болууга милдеттүү.
Жекшемби күндөн бери Англияда коронавирустан 47 жаштан 105 жашка чейин 46 адам каза болгон.

Дүйшөмбүдөн тарта жашоочуларга азык-түлүктү, зарыл болгон товарларды, медициналык каражаттарды сатып алуу, физикалык көнүгүүлөрдү жасоо жана жумушка баруу үчүн гана эшикке чыгууга уруксат берилет.

Азык-түлүк сатылбаган дүкөндөр жабылат. Ошондой эле экиден ашуун адам (бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүн кошпогондо) чогулган жыйындарга тыюу салынды. Бул эрежелерди сактабаган жарандарга айып пул салынат.

Эскерте кетсек, дүйнө жүзү боюнча 300 миңден ашуун адам коронавируска илдетине чалдыккан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь