Бишкектин тургуну дарыгерлерди жумушка акысыз жеткирип жатат. Башка айдоочуларды дагы үндөйт (ВИДЕО)

2 354

Учурдагы кырдаалга байланыштуу Бишкек шаарында айрым коомдук транспорттор токтотулган. Бул учурда кайдыгер эмес шаар тургуну Улукбек Кутманбаев Бишкектеги медицина кызматкерлерин акысыз жумушка жеткирип жатканын өзүнүн фейсбук тармагына чыгарды.

Мисалы мен Лебединовкада жашаймын, бул аймакта турган 2-3 дарыгерди иштеген жерине бир ай бою акысыз жеткирип туруу милдетин алдым. Башка жарандарды дагы кыйын учурда кол кабыш кылууга чакырат элем. Ар ким өз аймагында жашаган кызматкерлерди жумушуна акысыз таштап коюп турса, биздин өлкөгө кошкон чоң салымыбыз болот эле дейт” -, Улукбек Кутманбаев.

Кутманбаев учурда айдоочулар жетишпей жатканын кошумчалап, соцтармактарда #FreeТранспортМедикам хештеги менен жазуу калтырып, кошулууга үндөдү.

Эске салсак, 22-мартта коронавируска байланыштуу өлкө аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

#FreeТранспортМедикамhttps://chat.whatsapp.com/GqEddMAFtu98vwb4V6CDVRhttps://t.me/joinchat/J_otfhPB5HgQwcV73TpkCg

Опубликовано Улукбеком Кутманбаевым Понедельник, 23 марта 2020 г.

Комментарии

  1. Мен күнүгө эртең менен пакровкадан 6микро районго 7.30да чыгам каалагандар болсо ала кеткенге даярмын 0700 0778552820 555331351

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь