Кыргызстандык жүк ташуучулар Казакстандын чек арасынан өтө албай жатышат (видео)

246

Казакстандын “Айша-Биби” көзөмөл өткөрүү пунктунда турган кыргызстандык жүк ташуучулар кыргыз Өкмөтүнө кайрылды. Алардын айтымында казак тарап бүгүн 24-мартта эртең менен чек араны жаап салгандыктан, жүгү менен өтө албай туруп калышкан. Учурда көзөмөл өткөрүү жайында азык-түлүк жүктөлүп бара жаткан 100гө жакын оор жүк ташуучу унаа турат дейт айдоочулар.

Бүгүн эртең менен Казак өкмөтү тарабынан жүк өткөрүүнү 15-апрелге чейин токтотту. Биз Кыргызстанга керектүү азык-түлүк өнүмдөрүн жүктөп бара жатканбыз. Казак чек арачылары жүктөрдү түшүрүп, бош машине чыкканга уруксаат берип жатат. Биринчи маселе жүктү кайда алып барышат эми айдоочулар”, –деп кайрылат айдоочулардын бири.

Жүк ташуучулар Кыргызстандын бийлиги Казакстандын өкмөтү менен сүйлөшүүгө барып, маселени чечип берүүсүн суранышты.

Оор жүк ташуучулар Казакстандын чек арасынан өтө албай турандарын айтып Кыргыз бийлигине кайрылышты

Оор жүк ташуучулар Казакстандын чек арасынан өтө албай турандарын айтып Кыргыз бийлигине кайрылышты

Опубликовано Элдик медиа Дадим слово каждому Вторник, 24 марта 2020 г.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь