Меценат Азат Исакунов коронавирус менен күрөшүүгө 15 миллион сом которду (видео)

902

Меценат жана ишкер Азат Исакунов вирус илдети менен күрөшүүгө атайын ачылган эсепке 10 (он) миллион сом жана обсервациядагы медиктерге жардамга 5 (беш) миллион, баш аягы 15 миллион сом которду.

Азат Исакунов видео кайрылуу жасап: “Урматтуу мекендештер! Бүгүнкү күндө коронавирус пандемиясына байланыштуу дүйнө жүзү, анын ичинде Кыргызстаныбыз да оор кырдаалга туш келди. Келиңиздер таарыныч, ишенбестиктерди четте калтырып, мамлекетибизге бирдиктүү жардам берели. Ошондуктан, өлкөдөгү эпидемиялык абалды эске алып, 15 миллион сом финансылык жардам катары бөлүүнү чечтим. Анын ичинен 10 миллион сомду өкмөт түзгөн фондго которобуз. Калган 5 миллион сомду өз өмүрлөрүн тобокелдикке салып обсервацияларда кызмат өтөп жатышкан медицина, өзгөчө кырдаалдар жана милиция кызматкерлерине керектелүүчү гигиеналык, санитардык каражаттар, коргоочу костюмдар жана тамак-аш менен камсыздоого жумшалат. Урматтуу мекендештерим! Баардыгыныздарга кайрылып кетет элем, азыркы кырдаалда мамлекет мага кандай жардам берет деп, — сырттан карап турбастан, колубуздан келген жардамыбызды аябайлы. Биздин элибиз мындан дагы оор күндөрдү башынан өткөргөн. Бир муштум болуп кыйынчылыктарды жеңип чыгалы. Мен ишенем, ага баардык мүмкүнчүлүктөрүбүз бар”,– деп айткан билдирүүсүндө.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь