Ош жана Жалал-Абад облустарына коменданттар дайындалды

464

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында 25-марттан саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилет. Өзгөчө абал киргизилген мезгилде Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын начальниги Джоробеков Женишбек Мамаюнусович Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты болуп (мындан ары — Комендант) дайындалат.

Ал эми Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги Нурдинов Малик Апсаматович Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун коменданты болот.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь