Тыюу салынган учурда көчөдө жүргөндөргө кандай чара көрүлөт?

741

Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев тыюу салынган учурда көчөдө жүргөндөргө кандай чара көрүлөрүн айтып берди.

Анын айтымында, эртеңден баштап өзгөчө абал Бишкекке киргизилет.

Тыюу салынган учурда көчөдө жүргөн жарандар ички иштер органдары тарабынан өздүгүн жана көчөдө жүрүү себебин аныктоо үчүн чектөө убактысы бүткөнгө чейин убактылуу кармалат. Ал эми өздүгү аныкталбаган жарандар 3 суткага чейин камакка алынат жана шаар тургуну болуп чыкпагандар коменданттык аймактан чыгарылат“, – дейт Орозалиев.

 

Комментарии

  1. Тушунуксуз, Бишкекте 80 ‘/. башка регион, областтардан келгендер. Анан кочодо кармап алып Бишкекте пропискан жок болсо камай береби?

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь