Эртеңден баштап Кытайда карантин жоюлат

464

Кытай бийлиги 25-марттан тартып Хубэй провинциясы карантинден толук чыгарыларын билдирди. Эми аталган провинцияда жашаган, дарыгерлер кандайдыр бир тыюу салбаган жарандар башка аймактарга бара алышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Ал эми таажылуу вирустун очогу болгон Кытайдын Ухань шаарында карантин 8-апрелде жоюлат. Учурда оорунун жуктургандардын саны азайып, абал жакшыра баштады. Аймактагы окуу жайлар жагдай толук жөнгө салынмайынча ачылбайт.

Кытайдын борбору Бээжинде тескерисинче 25-марттан тартып чектөө чаралары күчөтүлүп жатат. Ага ылайык, шаарга сырттан келгендердин баары милдеттүү түрдө эки жумалык карантинде болушат жана алардан тест алынат.

Кытайда жалпы 81498 адам коронавирус илдетин жугузушкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь