Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 50 адамга жетти

136

Учурда Өзбекстанда коронавирус жуктурган 50 учур катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, COVID-19 инфекциясы чет өлкөдөн келген бейтап менен байланышкан жаранга жуккан.

Эскерте кетсек, Өзбекстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур 15-мартта катталган. Андан кийин Дубай, Стамбул, Лондон жана Москвадан Өзбекстанга учуп барган жүргүнчүлөрдөн, ошондой эле алар менен байланышкан жарандардан аныкталган.

Ташкент шаарында 22-марттан тарта коомдук транспорттор толугу менен токтогон. Медицина кызматкерлерин болсо дизенфекциялоодон өткөн транспорттор ташып жатышат. Эми өзбекстандыктар зарыл учурда сыртка чыкканда сөзсүз бет кап тагынышы керек.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь