Өзгөчө кырдаалдар министри обсервацияга алынган жарандарга барды (сүрөт)

209

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Бишкек шаарындагы жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу жайларын (обсервацияларды) кыдырып чыкты.

Биринчи Ак-Кеме мейманканасындагы жарандардын ден-соолугун көзөмөлдөп жаткан башкы дарыгер Чоро Сатаров билдиргендей, жарандар үчүн бардык шарттар түзүлгөн, кээ бир медициналык каражаттарга (бет кап, кол кап) муктаждык бар. Өз кезегинде маалымат берип жатып, ушул жерде иштеп жаткан ӨКМдин кызматкерлерине ыраазычылык билдире кетти.

Андан соң министр №1 интернатта жайгаштырылган жарандардын пикирин алышып, бир топ көйгөйлүү маселелерин укту. Бүгүнкү күндө күнүмдүк керектелүүчү жуунучу каражаттардын жетишсиздиги, орундуктардын толук кандуу камсыздалбаганы, мындан тышкары медицина кызматкерлерине медициналык каражаттардын жетишсиздиги айтылды. Ал эми ысык тамак-аш боюнча маселе жок.

Министр Замирбек Аскаров айтылган кемчиликтерди тез арада жоюу тууралуу ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчилерине тапшырма берди.
“Аталган мүчүлүштүктөрдү кыска мөөнөттө жойгула, тиешелүү шарттарды ыкчамдаткыла. Акча каражаттар бөлүнүп жатат, маселе чыкпаш керек”, – деди министр.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь