Бишкекте Гелендваген унаасы толугу менен күйүп кетти (Видео)

265

Бишкекте автоунаа өрттөнүп, жанында токтоп турган унаага да өрт жайылган. Өрт А.Токомбаев көчөсүндө болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 25-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, Мерседес-Бенц Гелендваген үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп, анын жанында токтоп турган Хонда Фит үлгүсүндөгү унаанын сырткы желим жабдыктары өрттөнгөн. Болжолдуу маалыматтар боюнча, адамдар жаракат алган жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат. Ал эми видеону күбө жеринен тартып «Репортерго» жөнөткөн.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь