Казакстан Ирандан келе жаткан кыргызстандык жүк ташуучуларды өткөрүүнү баштады

276

Казакстан тарап транзит менен Азербайжан, Россия жана Казакстандын аймагынан Ирандан Кыргызстанга багыт алган кыргызстандык жүк ташуучу автоунаа каражаттарынын экинчи колонасын өткөрүүнү баштады. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен билдирди.

Учурда “Котяевка-Курмангазы” казак-россия чек арасындагы контролдук-өткөрүү пункту аркылуу Казакстандын аймагына экинчи колоннанын 19 автоунаасы киргизилди, алар мындан ары Казакстандын кайгуул полициясынын коштоосунда Кыргызстанга багыт алат.

Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы элчилиги бул транзиттик коридор Ирандан келаткан кыргызстандык жүк ташуучу унаалары үчүн казак тарабы менен уюштурулганын жана бир жолку акция болгондугун эскертет.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь