Өлкөдөгү болуп жаткан кырдаалга байланыштуу “Ас-Сафа Борбору” коомдук бирикмеси тарабынан, Кувейт өлкөсүнүн «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун жардамы менен биргеликте Кыргызстандагы COVID-19 инфекциясы менен күрөшүү иш-чараларына салым кошуу максатында бир даана атайын дем алдыруучу аппарат (ИВЛ) жана бир даана «Электроотсасыватель» (электросордургуч) медициналык аппараттарын Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына өткөрүп берди. Ушундай эле дагы эки аппарат (ИВЛ) жана 14 миң даана экспресс-тесттерди алып келүүгө болгон макулдашуулар ийгиликтүү аяктап, жакынкы убакта Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине тапшырылаары күтүлүүдө.

Эске салсак, аталган коомдук бирикме COVID-19 инфекциясынын өлкөдө жайылышын алдын алуу иш-чараларына салым катары жалпы эсебинде 250 миң АКШ долларын бөлүп, ал суммадын 2 миллион сом эсебинде акча каражатын Каржы министрлигинин коронавирус (COVID-19) инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү иш-чараларына карата ачылган атайын бирдиктүү эсепке которгон.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 62