Кытайда вирустун жаңы түрүнөн биринчи өлүм катталды

1 234

Кытайдын Юньнань провинциясында вирустун жаңы түрүнөн биринчи өлүм учуру катталды. Бул вирус хантавирус деп аталып, жаныбарлардан чыкканын lenta.ru кытайлык China Global Times басылмасына шилтеме берип жазды.

Эркек киши чартердик автобус менен коңшу провинцияга бара жатып капыстан каза болгон. Дарыгерлер коомдук транспортто бирге бара жаткан жүргүнчүлөрдүн барын текшерүүгө алып, 32 адам карантинге алынды.

Хантавирустун таралышы кемирүүчүлөр аркылуу жугат, бул жаныбарлар вирусту заарасында алып жүрөт, аба аркылуу тарайт. Мындан тышкары, жарганаттар кээ бир курт-кумурскаларды тиштегенден кийин жуктурган учурлар болгон.

«Кытайда хантавируска каршы вакцина рынокто 20 жылдан бери бар, аны колдонууда өз натыйжасын берип келет. 2008-жылдан тарта Кытайда хантавируска каршы вакцинациянын программасы иштеп келет”,-деп айтылат маалыматта.

Ал арада эксперттер бул вирус адамдарга жаңы болуп эсептелбей турганын айтат.

Шведдик окумуштуу-дарыгер Сумайа Шейх хантавирус алгачкы жолу 1950-жылы америкалык-корейлик согушта катталганын Twitter баракчасына жазды. Вирустун адамдан адамга жугуу тобокелдиги өтө аз экенин белгиледи.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь