Тажикстан Кыргызстан менен чектешкен бардык өткөрүү жайларын жапты

197

24-марттан тарта Тажикстан тажик-кыргыз чек арасындагы бардык өткөрмө бекеттерин жапты. Чек ара коронавируска байланыштуу Кыргызстанда абал турукташканга чейин жабык болорун Тажикстандын тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мындай чектөөлөр төмөндөкүлөргө каралган эмес:

Өлкөгө кирип жаткан Тажикстандын жарандары;

Тажикстандан чыгып жаткан чет өлкөлүк жарандар;

Жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары;

Өкмөттүк делегациялардын мүчөлөрү;

Тажикстанда аккредитациядан өткөн дипломаттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү

Белгилей кетсек, Тажикстанда расмий түрдө коронавирус жуктурган адамдар каттала элек. Ошондой эле Түркмөнстан дагы өлкөсүнө коронавирусту жолото элек.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь