Текебаев: Мен үч жыл терезеси жок камерада отурдум, бир ай чыдап отуруп койгулачы (видео)

372

“Бийлик менен дарыгерлердин айтканын гана угуп үйдөн чыкпай отуруп биз жардам бере алабыз. Бул жолу талашпай угуп коёлу”. Бул тууралуу парламенттин мурдагы төрагасы Өмүрбек Текебаев Азаттыктын  “Эксперттер талдайт” берүүсүндө айтты.

“Мен 3 жыл терезеси жок камерада жалгыз отурдум, мына алдыңарда турам. Бир ай чыдап отуруп койсоңор адамзатка берген жардамыңар ошол болот”,- деп кайрылды Текебаев жалпы элге.

“Урматтуу туугандар өзүбүздүн балдарыбыздын гана ден-соолугу үчүн эмес, бүтүндөй адамдын тагдыры үчүн жоопкербиз. Бүгүн Трамп, Меркель, Макрон дагы дүйнөлүк согуш деди. Бүт адамзат биригип буга каршы турушубуз керек. 2-3 ай убакыттан утушубуз керек.”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь