Балыкчыда бүгүн 26-мартта таңкы саат тогуздан баштап, өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу, коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө бөгөт коюу максатында шаардын бардык булуң бурчунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Анда “Шумкар” атайын багыттагы полкунун, өзгөчө кырдаалдар, билим берүү, маданият бөлүмдөрүнүн, 20636 аскер бөлүгүнүн, муниципалдык мекемелердин кызматкерлери мэриянын, милициянын аймактык тескөөчүлөрү менен бирдикте он топко бөлүнүп, шаар көчөлөрүндө жүргөн тургундарга сунуш, маалыматтарды айтышууда.

Жашоочуларга себеби жок үйдөн чыкпоого, үйдө болуп тазалыкты сактоого, зарылчылыгы жок жөндөн-жөн көчөгө чыгып жүрбөөнү эскертишүүдө. Алар адамдардын бири-бирине жакындабашын болушунча азайтып, ооруну бири-биринен жугузуп албоону алдын алуу максатында кааланы кыдырып жүрүшкөнүн түшүндүрүп жатышат. 

Макала жактыбы?

НетДа
1
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 57