Таласта айдоочу “милицияларга плащ, беткап алып келе жатам” деп алдаган

617

Талас областындагы санитардык-карантиндик постто турган кызматкерлер тарабынан 55 жаштагы Жайлобек Садыковдун башкаруусундагы “Хонда Степвагон” үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган.

Жайлообек Садыков жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенет жана Талас областына кирүү үчүн Талды-Булак айылында жайгашкан санитардык-карантиндик посттогу бардык кызматкерлерге “мен Бишкектен ички иштер министрлигинен Таластык милиция башкармалыгына плащ, беткап, кол кап буюмдарын алып келе жатамын” деп, алдоого аракеттенип посттон өтүп кетүүгө аракет кылган. Бирок санитардык-карантиндик постто турган милиция жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери аны өткөрүшкөн эмес.

Ички иштер миинстрлиги расмий түрдө билдирет: Эч кимге плащ жана беткап, кол каптарды Талас областтык милициясына жеткирип бер деген тапшырма же сураныч болгон эмес. Бул чайкоочулук жана алдамчылык. Адамгерчиликтин жеткен төмөнкү чеги. Милиция кызматкерлери тиешелүү жабдыктар менен эбак эле камсыз болгон.
Урматтуу жарандар, өзгөчө абалга байланыштуу өтө зарыл болбогон учурда региондордон чыкпооңорду суранабыз. Учурда жеке кызыкчылык үчүн эмес, бардыгыбыз бекем тартипти сактоо менен бирге жарандарыбыздын ден соолугун сактап калуу башкы милдетибиз экендигин унутпашыбыз керек. Алдамчылар менен жалган маалымат тараткандардын мыйзам чегинде жоопкерчилиги бар экендигин дагы бир жолу эскертебиз”,- деп маалымат таратты ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Ички иштер министрлиги “Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын аткарууга чакырат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь