Кэчээ, 2-апрелде Кыргызстан менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков жана Эльмар Мамедъяров телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тараптар эки жана көп тараптуу форматтардагы кызматташтыктын учурдагы күн тартибин талкуулашты.
Ошондой эле COVID-19 илдетине каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маанилүүлүгүн белгилешкен.