Ысык-Атада атайын уруксат кагазы бар адам унаасында кызды зордуктоого аракет кылган

2 018

Ысык-Ата районунда эркек киши кызды зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу Kaktus.media Чүй облустук милициясына таянып жазды.

Такталгандай, 29-мартта 31 жаштагы А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, аны 28-март күнү саат 19:00дөр чамасында райондогу айылдардын биринде эркек киши унаасынын салонунан зордуктоого аракет кылганын айткан жана ага карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факт КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам-иликтөө ишинин алкагында шектүү жаран кармалып, ал 33 жаштагы Б.Н. экени аныкталган. Белгилүү болгондой айдоочуда айыл өкмөт тарабынан берилген күнү-түнү жүрүүгө уруксат кагазы болгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучу А.А. ишти токтотуу боюнча арыз жазган, ал зордуктады делген адамга эч кандай доосу жоктугун билдирген. Буга байланыштуу териштирүү иши токтотулду.

 

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь