Казакстанда карантин жарыяланып, сыртка чыгууга тыюу салынган учурда жаран 9 кабаттуу үйдүн чатырына чыгып алып сейилдеген. Аны күбөлөр видеого тартып алып соцтармактарга чыгарды.
“Уральск шаары. Карантин, сыртка чыгууга мүмкүн эмес. Эркек киши баласын коляскада сүйрөп жүрөт. Бирок коопсуз, эч кандай коронавирус жукпайт“,- деп комментарий берет видеонун автору.
Көпчүлүк окурмандар наристеге таза аба керектигин айтышып, үй-бүлөнүн бул кылыгын колдошкон.
Ал эми полиция башкармалыгы бул үй-бүлө менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мындан кийин өзгөчө абалдын тартибин бузбоосун эскерткен.