Ноокатта милиция кызматкери үй-бүлөсү менен обсервацияга жаткырылды

603

3-апрелде обсервацияга жаткырылган милиция кызматкеринин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн анализи аныктала элек.

Бул тууралуу Ош шаарынын жана Ош облусундагы Кара-Суу, Ноокат райондорунун комендантынын маалымат борборунун кызматкери Жеңиш Аширбаев билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкери Ноокат районунда кичи ажылыкка барып коронавирус жугузуп алган жарандын үйүндө батирде жашап турган.

Бүгүнкү күндө COVID-19 диагнозунан жалпы тогуз адам айыкты. Өлкө боюнча жугуштуу илдетке чалдыккандардын саны 144 кишиге жетти. Анын ичинен бирөө кайтыш болду. Обсервацияда 1660 адам жатат.

Өлкөнүн айрым аймактарына кирген өзгөчө абал режиминин мөөнөтү 15-апрелде аяктайт.

Булак: Азаттык

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь