Коронавирус: Казакстанда дагы 1 адам каза болуп, Өзбекстанда 298 адамга жукту

318

Бүгүн, 5-апрелде Казакстанда коронавирустан дагы бир адам каза болду. Бул учур Шымкент шаарында катталганын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматта ылайык, көз жумган бейтап 56 жашта болчу. Буга чейин Казакстанда бул вирустан 5 адам каза тапкан. Жуктургандардын саны 551 адамга жетип, 36 бейтап айыкты.

Ал эми Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 298 адамга жеткенин өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.  Коронавирустан 25 адам айыгып, 2 бейтап каза болду.

 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь