Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылынын кире беришине санитардык-карантиндик пост коюлган. Ал жакта көзөмөлдөн өткөрүп жаткан кызматкерлердин бири жүк ташуучу унаанын айдоочусунан “көңүлүңөн чыкканын таштап кет” деп акчага кыйыткан.

Айдоочунун айтымында буга чейин посттогулар андан 3000 сом сурашкан. Мындан улам кийинки өтүп жатканын телефонго тартып алууну чечкен.

4-апрелде болгон окуядан кийин күзөттө туруп акча сураган, Талды-Суу айылынын Эсен аттуу тургуну жалпы элден кечирим сурап кайрылды.

“Кээ бир айдоочулар кызматкерлердин эмгегине ыраазычылык билдирүү максатында өз каалоолору менен суусун, тамекисин таштап кетишет. Мен КаМАЗдын айдоочусун тамашалайм деп чоң жаңылып калдым. Кыргыз элимен кечирим сураймын, меникиндей  кылыкты эч ким кайталабасын”,- деди постто турган жаран.

 

Макала жактыбы?

НетДа
14
8
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 993