Владислав атуу кыргызстандык мекендештерине кыргыз тилинде кайрылды. Анын бул видеосу социалдык тармактарга тарап, талкууга алынып жаткан чагы.

Анын кайрылуусунда төмөнкү сөздөр айтылган:

«Менин атым Владислав. Мен Кыргызстанда төрөлгөнүмө абдан сыймыктанам. Мен кыргыз тилинде эркин сүйлөйм. Бирок, менин кыргыз досторум эне тилин унушутуп, башка тилде сүйлөшкөнүнө, түндүк-түштүк, уруу-айылдаш деп элди бөлүп жарганына абдан өкүнөм. Башка улуттагы өз жердештерин өздөрүнөн төмөн көргөн досторума абдан таң калам. Урматтуу мекендештер, биз өз мекенибизди бардыгыбыз бирдей жакшы көрөбүз. Манас бабабыз айткандай: “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаралык!». Бул илдетти биз биргеликте жеңебиз. Алга, Кыргызстан!”, – дейт патриот жигит.

Макала жактыбы?

НетДа
3
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 109