Дарыгер нарколог Амина Сатыбалдиева “Ринг” сайтына берген маегинде Адахан Мадумаровго болгон ачуусун жашырган эмес.

Өзгөртпөй беребиз.

“Урматтуу, Адахан Мадумаров мырза! Сиздин кайрылууңуз жарыялангандан кийин, менин кесибим врач болгондугума байланыштуу мага ар тараптан телефон чалуулар келип жатат. “Мадумаровтун айтканы чындыкпы? Эмне үчүн биз үйдө олтурабыз? Ал «бул карантин, жөн гана саясат! Бул бийликтегилердин өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн, чоң-чоң сырттан келген акчалар үчүн” – дебедиби деп. Сиз өзүңүздүн бийликке болгон жек көрүүңүздү карапайым элдин башына өзүңүз айткан «будуң чаңды» салып, билиндирбей элди өкмөткө кайрап жатасыз. Эгер кыргыз элине, Кыргызстанга чындап күйсөңүз ушундай апаат убагында болгон акылыңызды, оюңузду, сунушуңузду жакшы сөз менен эле бийликке сунуш кылып көмөктөшсөңүз болмок. Эл деле көрүп билип турат, бул биздин бийликтин ойлоп тапкан оорусу эмес экенин. Азыр элдин 70% интернет аркылуу бүт дүйнө жүзүн көрүп маалымат алып турат, сиз айткандай көп деле караңгы эмес. Эгер эркек болсоңуз бул оорунун коркунучу жок экенин аныктап, обсервациядагыларга эмес «өкмөт аныктабай эле калп даарылап жатат» деген оорулуулардын арасына камера менен барып, бир жума жатып чыгыңыз. Ошону жасай алсаныз көпчүлүк эл сизге ишенмек… Жалган камоодосуңар деп элди көчөгө чыгарып жиберип, кичине кыргыз элин, Кыргызстандыктарды кырып алып кимди башкарасыңар анан…”

Булак: koom.press

Макала жактыбы?

НетДа
14
2
Loading...

Комментарии

  1. Жалган маалымат жарыя таратып эч кандай вирус жок деп Элди окмотко каршы ундогондугу учун жазалансында анда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 592