Бүгүн 8-апрелде белгилүү болгондой Нарын облусунда дагы 5 адамдан коронавирус чыкканы аныкталды.

Нарын облусунун коронавирус менен күрөшүү боюнча штабы 5 жаран кайсы райондордун тургундары экенин Turmush басылмасынын кабарчысына тактап берди.

Жаңы учурлар үч райондон катталды: Ат-Башыда – 2 (дааваттан келгендер), Жумгалда – 2 (дааваттан келген), Кочкордо – 1 (дааваттан келген тууганынан жуккан).

– Ат-Башы районундагы эки жарандын бири Бирлик айылынын тургуну, ал Ош шаарында дааватта болуп келген. Ал эми экинчиси Ача-Кайың айылынын жашоочусу, ал Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарынан дааваттан келген.

– Жумгал районунун эки жашоочусу 15-мартта Индиядан учуп келишкен, алар 4 ай даавата жүрүшкөн.

– Кочкор районундагы жаш кыз Пакистанда дааватта болуп келген агасынан жуктурган. Бишкекте жашаган агасыныкына бир күнгө конокко барып коронавирус жуктуруп алган

“Коронавирустун инкубациялык мезгили 14 күн деп айтылып жаткан, бирок учурда коронавирус 28 күндөн кийин гана чыгып жатат, себеби вирустун белгилери өзгөрүүдө. Коронавируска карата анализ үч жолу алынат. Анализ алуу мөөнөтү боюнча атайын медициналык алгоритм бар”,- деп айтылат облустук штабдын маалыматында.

Учурда Нарын облусу боюнча жалпы 10 адам коронавируска чалдыкты.

Макала жактыбы?

НетДа
11
22
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 3 202