Интернет булактарында Нарын шаарынын тургуну О.М. коронавирус жугуштуу илдетине чалдыкапагандыктан, дарылануудан баш тартып жаткандыгын жана үй-бүлө мүчөлөрү медициналык каражаттарды ичкендигинин натыйжасында ден-соолуктары начарлап жаткандыгы жөнүндөгү видеокайрылуусу жарыяланган.
2-апрель күнү Нарын ШИИБне Нарын райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору билдирүү менен кайрылып, 2019-жылдын ноябрь айында Пакистан мамлекетине дааватка кетип, кайра 2020-жылдын 15-мартында Лахор-Ташкент, Ташкент-Бишкек каттамы менен Кыргыз Республикасына кайтып келген Нарын шаарынын тургуну О.М. аттуу жарандан коронавирус жугуштуу илдети аныкталгандыктан, ага карата коюлган чектөөлөрдү бузгандыгы боюнча мыйзам чегинде чара көрүү жөнүндө кайрылган.
Анткени, О.М. менен байланышта болду деген себеп менен дарылынып жаткан Нарын шаарынын 3 тургунунда 2020-жылдын 30-мартында коронавирус оорусунун белгилери аныкталган.
Жогорудагы билдирүүдө Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 280-беренесинде (санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери бар экендигине байланыштуу 3-апрелде Нарын ШИИБси тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши башталып, О.М.атту жаран изоляцияда болгондугуна байланыштуу аны менен түздөн түз тергөө аракеттери ал сакайгандан кийин жүргүзүлөт. Азыркы учурда тиешелүү жерлерге суроо каттар жиберилип, ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.