Башка ишке өткөнүнө байланыштуу «Республика – Ата Журт» партиясынын парламенттеги депутаты Аида Исмаилованын мандаты мөөнөтүнөн мурда алынды. Анын ордуна партиянын тизмесинде кийинки орунда турган Айгерим Бешимбаева Жогорку Кеңешке депутат болуп катталды. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын 9-апрелдеги жыйынында кабыл алынды.

Айгерим Бешимбаева 30 жашта, буга чейин “РСК Банкта” иштеп кеткени белгилүү.

Аида Исмаилова 1-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен вице-премьер-министрлик кызматка дайындалган. Депутаттык мандатын тапшырышы тууралуу Исмаилованын арызы Боршайкомго 4-апрель күнү берилген.

Макала жактыбы?

НетДа
8
18
Loading...

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 1 280